• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Калк үчүн маанилүү болгон дары-дармектердин баасын төмөндөтүү чечими кабыл алынды

Өкмөт 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлеркабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы абалды талкуулоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле фармацевттик бизнестин өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер менен конструктивдүү диалог жүрүп, дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кырдаалдын актуалдуу маселелери талкууланды, ал эми Камчыбек Ташиев дары-дармектердин баасына, фармацевттик бизнестин көйгөйлөрүнө, анын ичинде медикаменттердин аткезчилигине, мамлекеттик жөнгө салуучу органдардын бюрократиялык тоскоолдуктарына тийиштүү маселелерге өзгөчө басым жасады.

Кеңешменин жыйынтыгында дары-дармектердин рыноктук наркын түзүү ыкмаларын кайрадан карап чыгуу, анын катарында калк үчүн өтө маанилүү дары-дармектердин баасын төмөндөтүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле маанилүү дары-дармектердин баасына карата чайкоочулукка жол бербөө максатында натыйжалуу чараларды иштеп чыгуунун алкагында, мамлекеттик органдардын жетекчилерине аткаруу мөөнөтү белгиленген конкреттүү тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий