• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте №10 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

Коом 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Бишкекте кечээ, 21-апрелден баштап 10 троллейбус каттамынын кыймылынын схемасы убактылуу жарым-жартылай өзгөртүлдү.

"Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, каттам Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол иштерине байланыштуу өзгөртүлдү.

Иш аяктаганга чейин №10 маршруттагы троллейбустар төмөнкүдөй жүрөт:

- Фучик көчөсүнө бурулуш

- Чүй проспектиси аркылуу өтүү

- Андан ары каттамдын белгиленген схемасы боюнча

Көңүл буруңуздар, жол иштери аяктаганга чейин троллейбустар Интергельпо көчөсүнө кирбейт.

"Бишкек троллейбус башкармалыгы" бардык жүргүнчүлөрдөн бул убактылуу маршрутту эске алууну жана сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат. Бул өзгөрүүлөргө байланыштуу мүмкүн болгон ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт

Пикир

Оставить комментарий