• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун мэри Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 11.10.17./Кабар/. Кечээ, 10- октябрда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугуп, орчундуу ойлорун угуп кайтты. Жолугушуу шаардагы жалпы мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда болду. Бул тууралуу ведомстванын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэр менен элдин мурунку жолугушуусунда тургундар тарабынан келип түшкөн маселелердин аткарылышы боюнча маалымат берилип, акыркы төрт жылдагы аткарылган иш-аракеттер туурасында кыскача тасма көрсөтүлдү.

Андан соң А.Кадырбаев жашоочулардын кат аркылуу келген суроолоруна жооп берди. Жол жана таза суу маселеси Жапалактыктардын эң негизги көйгөйү экенин билген шаар башчысы бул багытта иштер жүрүп жаткандыгын билдирди.

Тургундар шаар башчысына коомдук транспорт каттамдары, көчөлөрдү жарыктандыруу багытындагы суроолорун берип, тиешелүү жоопторун алышты.

Жалпысынан миңге чукул тургундар катышып, берилген ар бир суроо протоколго киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий