• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ротация: Жарасул Абдураимов Ош облусуна жаңы келген акимдерди кабыл алды

Аймак 0

Бишек, 25.05.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Ош облусунун райондоруна жаңы дайындалган акимдерди кабыл алды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Облус башчысы жолугушууда жаңы жетекчилерди куттуктап, райондор менен тез арада таанышып, тезинен ишке киришүү керек экенин айтты.

“Облустагы жети райондун шарты ар башка. Баарында социалдык-экономикалык ж.б көйгөйлөр бар. Сиздердин таанышууга көп убакыт сарпталбашы керек. Райондор менен таанышып, жумушту баштаңыздар. Аймактагы көйгөйлөрдү жергиликтүү деңгээлде чечүүгө аракет кылыңыздар. Кичи ишкана түзүү менен алек болбой, чоң өндүрүш ишканаларын ачууга көңүл буруңуздар", - деди Жарасул Абдураимов

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгына ылайык, мамлекеттик жаңы кадр саясатынын негизги милдети мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жеткиликтүүлүктү акыйкат камсыз кылуу, дискриминацияга жол бербөө жана мамлекеттик кесипкөй аппаратты түзүү максатында атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия тарабынан жалпы республика боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары аттестациядан өткөрүлүп, анын жыйынтыгы менен акимдер ротацияланган.

Ага ылайык, Ош облусундагы 7 районго жаңы акимдер дайындалды.

— Ѳзгөн райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким - Раматов Мурат Садинович. Мурдагы ээлеген кызматы Жети-Ѳгүз районунун акими (Ысык-Көл облусу);

— Кара-Суу районунун акими- Ногоев Турусбек Молдобекович. (Жайыл району, Чүй облусу);

— Кара-Кулжа районунун акими- Кенжебаев Аманкан Батырбекович (Сокулук району, Чүй облу;су)

— Араван районунун акими- Кулубаев Сейтек Дөлөтбекович (Ак-Талаа району, Нарын облусу);

— Чоӊ-Алай районунун акими- Абыкеев Темирболот Асаналиевич (Кочкор району, Нарын облусу);

— Ноокат районунун акими- Иманалиев Данир Белекович (Аймактык кадрлар резервинен дайындалды);

— Алай районунун акими- Апбасов Каныбек Сагынбекович (Аймактык кадрлар резервинен дайындалды).

Пикир

Оставить комментарий