• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында көмүр казган үч ишкана Бишкек ЖЭБине көмүр ташыбай турган болду

Аймак 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Нарында көмүр казган үч ишкана Бишкек ЖЭБине көмүр ташыбай турган болду. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ишканасынан билдиришти.

Ишканадан белгилешкендей, узак убакыт бою көмүр казуу иштерин жүргүзбөгөндүгүнө байланыштуу Нарындагы көмүр казган үч ишкана – “АГК-Тоо Инвест” ЖЧКсы, “Миң-Куш Индастри” ЖЧКсы, “Нарын-Көмүр” ЖЧКсы – шериктештиктин чыгарылып, Бишкек ЖЭБине көмүр ташуу укугунан ажыратылган. Ошол эле учурда алар көмүр казуу иштерин жүргүзө беришет.

Ошондой эле жергиликтүү тургандар жолун тосуп салганына байланыштуу “Берекет-Кен” ЖЧКсы, “Нарк-Тоо” ЖЧКсы, “Миң-Куш” ЖЧКсы ишканаларынын иштери токтоп турат. Андан тышкары өзүнө тиешелүү тилкедеги көмүр түгөнгөндүктөн “Бузурманкул” ЖЧКсы ишин токтоткон.

Бүгүнкү күнү Нарындагы көмүр казган 20 ишкананын 14ү гана Бишкек ЖЭБине көмүр ташып иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий