• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери менен жолугушуу өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 02.12.23./Кабар/. Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Жалал-Абад жана Ош облустарынын ардагерлеринин, коомдук уюмдарынын, жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирет.

Жолугушууда Бактыбек Бекболотов дүйнөдөгү жана региондогу аскердик-саясий абалы жана Коргоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан Кыргызстандын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өткөрүлүп жаткан иш-чаралар менен тааныштырды.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө аскер кызматкчыларын турак-жай менен камсыз кылуу, согуштук аракеттердин ардагерлеринин социалдык пакетин жогорулатуу маселелери талкууланды.

Бекболотов Коргоо министрлигинин жетекчилиги алдыда КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн жана согуштук аракеттердин ардагерлеринин турак-жай шарттары, пенсиялык жеңилдиктери жана артыкчылыктары менен байланышкан бардык аспектилерди тыкыр көзөмөлдөп, аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө тийиштүү көңүл бураарын ишендирди.

Мындан тышкары, коргоо министри аскердик инфраструктуранын абалы жана кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий