• 88.68
  • 95
  • 0.95

Базардагы нааразычылыктар. Акылбек Жапаров бир катар тапшырмаларды берди

Өкмөт 0

Бишкек, 02.12.23./Кабар/. Бүгүн Президенттик администрацияда Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында соода түзүмдөрүнүн, ири базарлардын, менчик ээлеринин, соода кызматкерлеринин кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү менен жооптуу мамлекеттик органдардын жыйыны өттү.

Акылбек Жапаров маалымат ишинин жетишсиздигинен кабыл алган салык режиминдеги өзгөртүүлөр боюнча коомдо бурмаланган түшүнүк калыптанганын айтты.

«Эң негизгиси, биз түшүнүшүбүз керек, биздин чакан чекене соодагерлердин басымдуу көпчүлүгү үчүн мамлекет жетекчилигинин чечими менен алар үчүн патент гана жокко чыгарылбастан, башка бир катар жеңилдиктер каралган.

Чакан азык-түлүк дүкөндөрүн иштеткен, базарларда майда соода менен алектенген үй бүлөөлөр ар кандай салык төлөөдөн толугу менен бошотулган, анткени алардын товар жүгүртүүсү 8 миллион сомго жетпейт», - деди Акылбек Жапаров жыйында.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын айтымында, белгилүү бир күчтөр маалыматтын жетишсиздигинен пайдаланып, соодагерлерди тукуруу аракетин көрүүдө.

Элдин абсолюттук көпчүлүгү мамлекетти чыңдоо жана тартипти орнотуу саясатын колдойт.

«Базар экономикасынын жана капиталды алгачкы топтоо доору өтүп жатат. Мамлекет азыр эл үчүн иштейт, колунда барлардын жана коомду паракорлоштуруп, жазасыз калган “тар топтун” кызыкчылыгына кызмат кылбайт. Өкмөттүн бардык кирешелери кимдир бирөөнүн жеке чөнтөгүнө эмес, жаңы инфраструктураны курууга жана жарандардын жашоосун жакшыртууга жумшалаарын буга чейин көргөн элдин бийликке болгон ишеними күчтүү. Биз жакырчылык менен күрөшөбүз жана бардык адамдарды жакырчылыктан чыгарабыз. Байлар дагы да байып, кедейлер кедей болуп кете берүүсү мүмкүн эмес. Биз үй-бүлөсүн багуу үчүн иштеген бардык чынчыл адамдарды коргойбуз жана жардам беребиз. Биз алар тараптабыз», - деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле, соодагерлерди ашыкча түйшүктөн арылтуу үчүн эки жуманын ичинде электрондук эсеп-фактураларды жана жол баракчасын иштетүүнү мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүүгө байланыштуу, Министрлер Кабинетинин Төрагасы санариптештирүү жана накталай эмес төлөмдөргө өтүү саясатынын алкагында салык структуралары алдыңкы банктар менен бирдикте К-эсептерин ачууну тездетүүнү тапшырды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында капиталга мунапыс берүү жөнүндөгү мыйзамды республиканын бардык калкына, анын ичинде мурдагы жылдары салык төлөмдөрүн төлөй албагандарга, мисалы автоунааларды жана батирлерди сатып алуу жана сатуу же чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн да жайылтуу жөнүндө чечим кабыл алынарын билдирди.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү органдарга түшүндүрүү иштерин уюштуруу жана күчөтүү боюнча да тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий