• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде 180 турак үй, 190 гектар айыл чарба жери сел коркунучунан корголууда

Аймак 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунун Охна айылында сел өтүүчү сайда коргоочу тосмону калыбына келтирүү иши жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бостон, Гүзөр участкасында жүрүп жаткан курулуш иштери 1,5 метр тереңдикти камтыйт.

Иштердин жыйынтыгы менен 180 турак үй, 4 чакырым ички чарбалык жол жана 190 гектар айыл чарба жер аянты сел кооптуулугунан коргоого алынат.

Пикир

Оставить комментарий