• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын мэри Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Касымбай Жолдошев жана Жапар Хакимовдун үйлөрүнө барып кабар алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ардагерлерден кабар алган шаар башчысы ар бир ардагерге акчалай жардам жана 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык белектерин тапшырды.

Касымбай Жолдошев аксакал 95, Жапар Хакимов 97 жашта. Ошондой эле калаа башчысы Ош шаарында Улуу жеңиштин 75 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип, согуштун ардагерлерине жана ооруктун каармандарына өзгөчө көңүл буруларын билдирди.

Мындан сырткары, шаардын вице-мэрлери, муниципалдык мекемелердин жетекчилери да согуш ардагерлерин жана ооруктун каармандарын куттуктап, жардам көрсөтүштү.

Айта кетсек, учурда Ош шаарында жалпысынан 6 согуштун ардагери, 16 ооруктун каарманы жашайт.

Пикир

Оставить комментарий