• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарынын борбордук стадионунун жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылууда

Аймак 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. УКМК Ош шаарынын А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунун жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын кабарлайт.

Архивдик документтерге ылайык, Ош шаарындагы борбордук стадиондун баштапкы аянты 5,5 гектар болсо, 2000-жылдан кийин 1,2 гектарга жакын жер жеке жактарга өтүп кеткен.

Азыркы учурда жер ээлери менен өз ара макулдашып, Ош шаарынын борбордук стадионунун башкы дарбазасынын жанында жайгашкан имараттарды демонтаждоо иштери башталды. Өз кезегинде мэрия компенсация катары менчик ээлерине тилкелерди Ош облусунун башка райондорунан бөлүп берет.

Учурда бул багытта иштер улантылып, футбол стадионунун айланасындагы башка жер тилкелери жана объектилер боюнча мыйзам бузуу фактылары текшерилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий