• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында өрт-тактикалык машыгуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында өрт-тактикалык машыгуу өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаар аймагында жайгашкан "Партнер Нефть" ЖЧКнын күйүүчү май сактоочу кампасында өрт-тактикалык машыгуусу өткөрүлдү.

Ага Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы, 5 "КамАЗ" үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү автоунаа жана 1 автошаты, 1 АСМ автоунаасы тартылып, өрт кырсыгы өз учурунда өчүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий