• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

БШК Бабановго үчүнчү эскертүү берди

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 10.10.17. /Мирлан Киизбаев - Кабар/. БШК Кыргызстандын президенттигине талапкер Өмүрбек Бабановго үгүттөө эрежелерин бузганы үчүн үчүнчү эскертүүсүн берди. Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев билдирди.

Ал үгүттөө эрежелерин бузгандыгы үчүн шайлоого 5 күн калганда талапкерди четтетүүгө болбой тургандыгын белгиледи. “Бирок шайлоо алдындагы жарыштан чыгаруу боюнча башка мыйзамдуу негиздер бар. Алардын бири шайлоочулардын добушун сатып алуу”, - деди Осмоналиев.

Эскерте кетсек, Бабановдун Ош шаарынын “Амир Тимур” кичи районундагы кайрылуусунан кийин БШКга коомдук уюмдардан жана бир нече шаарлардын тургундарынан 19 даттануу келип түшкөн. БШКнын жумушчу топтору даттанууларды канааттандырып, Өмүрбек Бабановго үгүттөө эрежелерин бузгандыгы үчүн үчүнчү эскертүү берүүнү чечкен.

Пикир

Оставить комментарий