• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас шаарында жамааттык Манас айтуу кароо-сынагы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 2-майда Талас шаарында “Урааным Манас” аттуу окуучулар арасында хор түрүндө жамааттык Манас айтуу кароо-сынагы өтүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сынак Улуттук Манас театры тарабынан демилгеленген. Хор менен Манас айтуу республика боюнча бардык аймактарда өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, Манас эпосу - кыргыздардын улуттук сыймыгы, ата-бабабыз үч миң жылдан ашык убакыттан бери басып өткөн тарыхый жолундагы руханий табылгаларынын, турмуштук тажрыйбасынын, башынан кечирген окуялар жөнүндөгү маалыматтардын орчундууларын бүт чогулткан баалуу казынанын милдетин аткарып келе жаткан улуу мурасы.

Пикир

Оставить комментарий