• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облустук кан борбору Баткенге жөнөтүү үчүн жарандарды кан тапшырууга чакырат

Аймак 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ош облустук кан борбору азыркы кырдаалда кандын жана анын компоненттеринин кору болушу үчүн жарандарды акысыз кан тапшырууга чакырат.

Ош шаары, Увам көчөсү 12 дареги боюнча жугуштуу оорулары жок 18 жаштан 60 жашка чейинки жарандар чакырылат. Кан алуу убактысы саат 08:00дөн 14:00гө чейин.

Жаныңызда паспорт, аскердик билет же айдоочулук күбөлүк болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий