• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде абитуриенттер үчүн ЖОЖго кабыл алууда жеңилдиктер каралды

Аймак 0

Бишкек, 07.07.23./Кабар/. Баткенде абитуриенттер үчүн ЖОЖго кабыл алууда жеңилдиктер каралды. Бул тууралуу президентти аталган облустагы өкүлчүлүгү маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда жалпы республикалык тестирлөөдөн 100 упай алган бүтүрүүчү бюджеттик негизде, 95 упай алганы келишимдик негизде жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Тактап айтканда, облус башчысы Абдикарим Алимбаев менен билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин макулдашуусунун негизинде министрдин “Баткен мамлекеттик университетинин абитуриенттери үчүн ЖРТнын босого баллын бекитүү жөнүндө” буйругу чыккан.

Ага ылайык, Баткенде 2023-2024-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууда гранттык негизде 100 упай, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына 95 упай бекитилди.

Бул жеңилдиктин максаты акыркы эки жылда Баткен облусунун чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалдын кесепеттерин эске алуу менен, мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.

Анткени, 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү чек арада болгон окуядан кийин жабыр тарткан жарандар эвакуацияланып, окуучулар башка мектептерге окууга мажбур болгон болсо, Лейлек районун Максат орто мектеби, Баткен районунда Б.Ходжаев жана Достук орто мектептери күйүп, колдонууга жараксыз болгондуктан, окуучулар жыл бою онлайн режиминде окушту.

Белгилей кетсек, буга чейин да облус башчысынын сунушу менен 2021-2022-окуу жылында ЖРТнын босого баллын төмөндөтүү менен Баткен мамлекеттик университетине гранттык орундар берилип, чек аралаш айылдардан 144 студент бюджеттик, 266 студент келишимдик негизде окууга кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий