• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Быйыл "Ысык-Көл досторун чакырат-2023" этно-карнавалына 400дөн ашуун бала чогулат

Коом 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Быйыл "Ысык-Көл досторун чакырат-2023" этно-карнавалына 400дөн ашуун бала чогулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.

Иш-чара 7-июлдан 12-июлга чейин Ысык-Көлдө өтүп, ага Беларусь, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген балдар катышат.

Билим берүү жана илим министри бүгүн “Ысык-Көл досторун чакырат-2023” XIII Эл аралык этно-карнавалынын делегация өкүлдөрү менен жолугушту.

Министр өз сөзүндө этно-карнавал достуктун, маданий интреграциянын, тажрыйба алмашуунун башаты болгон эң сонун долбоор экендигин белгиледи.

“Чыңгыз Айтматов өзүнүн эң мыкты чыгармаларын Ысык-Көлдүн жээгинде жазган. Андыктан Ысык-Көл сиздерди сөзсүз шыктандырат деп ишенем", - деди ал.

Этно-карнавал президенттин “Улуттук каада-салт жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында Билим берүү жана илим министрлиги менен “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борбору тарабынан уюштурулууда.

Этно-карнавалдын максаты – Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн этномаданий өзгөчөлүктөрүн изилдөө, жандандыруу жана сактоо, көркөм, музыкалык, вокалдык, хореографиялык таланттарды өнүктүрүү, балдардын достугун чыңдоо.

Пикир

Оставить комментарий