• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстандык төрт пара дзюдочу Финляндияда өткөн рейтингдик мелдеште медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Финляндиянын Лахти шаарында өткөн эл аралык рейтингдик мелдешке катышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Кыргызстандык спортчулар рейтингдик мелдеште байгелүү орундарды багындырышкан.

60 кг чейинки салмакта катышкан Темирлан Абдыкеримов күмүш медалга ээ болду. 70 кг жогорку салмакта Сезим Артыкбекова, 48 кг чейинки салмак категориясында Регина Саламатова жана 90 кг чейин Сүймөнкул Молдобеков коло медалга ээ болушту.

Мелдеш 1-июль күнү башталган, бүгүн жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий