• 88.68
  • 95
  • 0.95

Электроника дүйнөсүнүн жаңылыктары. Ташкентте эл аралык көргөзмө өтөт

Коом 0

Бишкек, 23.08.23./Кабар/. 2023-жылдын 6-8-сентябрында Ташкентте «Электроника, электротехника, жашыл энергетика жана инновациалык технологиялар UzE-TechExpo 2023» эл аралык көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Көргөзмө чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдүн жана жеткирүүчүлөрдүн Өзбекстандын рыногуна жеткирүү чөйрөсүндө гана эмес, ошондой эле ата мекендик компаниялар жана уюмдар менен ишкердик жана өнөктөштүк мамилелерди түзүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Белгилей кетсек, ага Казакстан, Кытай, Россия жана Өзбекстандан келген компаниялар катышып, электр, электроника, тиричилик техникасы, видеобайкоо системалары, байланыш жана телекоммуникация жабдуулары, ошондой эле күн батареяларынын кеңири ассортиментин тартуулашат.

Эл аралык көргөзмө Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен өткөрүлүүдө. Иш-чараны Борбордук Азиянын Конгресстери – CCA жана анын өнөктөшү ICA Eurasia Group уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий