• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэри балдар үйүнүн дагы эки бүтүрүүчүсүнө үйдүн ачкычын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев балдар үйүнүн дагы эки бүтүрүүчүсунө үйдүн ачкычын тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык мэриясынын “Жетим-балдар” жеңилдетилген категория боюнча турак жайга муктаж болуп, райондук администрацияда каттоодо турган балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү У.Ж.Курмангалиев жана Б.К. Атановго муниципалдык турак жай берүү боюнча буйругу чыгарылган.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын башында муниципалитет башчысы балдар үйүнүн 5 бүтүрүчүүсүнө үйдүн ачкычтарын тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий