• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте “STEAM билим берүү” боюнча окуучу кыздар үчүн мастер-класс өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-декабрда Кыргызпатент “Билимтек” жоопкерчилиги чектелген коому менен бирге Инновациялык борбордо № 95 мектеп-гимназиясынын окуучу кыздары үчүн “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында “STEAM билим берүү” боюнча мастер-класс өткөрдү. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынан (Кыргызпатент) билдиришти.

Иш-чаранын максаты – кыздарды билим берүү жаатындагы илимий-техникалык багытты изилдөөгө тартуу жана аларды таанып-билүүчүлүк жана чыгармачылык ишмердигин өнүктүрүүгө шыктандыруу.

Мастер-класстын жүрүшүндө окуучу кыздар химия боюнча кызыктуу эксперименттерди өткөрүп, буюмдун креативдүү дизайнын түзүү үчүн ар түрдүү графикалык редакторлор менен иштөөнү үйрөнү, FabLab өндүрүштүк лабораториясында лазердик кесүү менен даяр макетти иштеп чыгуу процесси менен таанышып чыгышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында окуучу кыздарга сертификаттар жана Кыргызпатенттин “Идеядан ойлоп табууга чейин” усулдук окуу куралы тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий