• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент тышкы миграция жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди

Президент 0

Бишкек, 23.08.23./Кабар/. Президент "Тышкы миграция жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам чет мамлекеттин жарандарынын өлкөнүн аймагында болуу тартибин иретке келтирүү жана миграциялык агымдарды контролдоону күчөтүү максатында кабыл алынган.

Бул мыйзам менен "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралат:

– “визасыз режим” түшүнүгү жаӊы редакция берилет, ага ылайык визасыз режим – бул чет мамлекеттин жарандары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган, белгиленген мөөнөттөрдүн алкагында визаны жол-жоболоштурбастан Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга, транзит менен жүрүүгө, орун которууга жана болууга укуктуу болгон режим;

– Кыргыз Республикасы тарабынан бир тараптуу тартипте же өз ара мамиле принциптеринде киргизилген визасыз режим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү ченемдик укуктук актылардын негизинде ишке;

– Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жана жарандарынын саламаттыгын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине улуттук коопсуздук, саламаттыкты сактоо жаатындагы жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү маселелерди тескөөчү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасына визасыз кирүү режиминин колдонулушун толугу менен же жарым-жартылай токтотуп турууга укук берилет;

– визасыз режим колдонулган чет мамлекеттин жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү, жүрүү жана келүү тартиби КР министрлер кабинети тарабынан аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий