• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноябрда Бишкек Эл аралык кинофестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 23.08.23./Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 17-21-ноябрь күндөрү Бишкек Эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кинофестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгына арналып Маданият министрлиги тарабынан уюштурулууда.

Иш-чаранын максаты президенттин "Улуттук киноиндустриясын өнүктүрүү жана КР кинематографиясынын мамлекттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын жүзөгө ашыруу, улуттук кинонун кадыр-баркын бекемдөө, ата мекендик мыкты кино чыгармаларды жайылтуу, бүткүл кинематографисттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

Кинофестивалдын программасында:

- Эл аралык кино сынагы;
- Улуттук кино сынагы;
- Атайын көрсөтүүлөр;
- Киндолбоорлор питчинги.

Фестивалдын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылат. Арасында Ч.Айтматов атындагы "Дүйнөлүк киноискусствого кошкон салымы үчүн" сыйлыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыгы, Эл аралык киносынчылык сынагынын мыкты фильми үчүн Калыстар тобунун сыйлыгы, NETPAC Калыстар тобунун байгеси, КР Кинематографисттер союзунун сыйлыктары бар.

Пикир

Оставить комментарий