• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Келерки аптада Ак илбирс улуттук кино сыйлыгы тапшырылат

Маданият 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Ак илбирс-2019 улуттук кино сыйлыгын тапшыруу 26-апрелде болуп өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Сыйлык тапшыруу аземи "Манас" кинотеатрында болуп, саат 17:00дө башталат.

Белгилей кетсек, уюштуруучулар дүйнөлүк кинематография тармагына кошкон салымы үчүн "Ак илбирстин" атайын сыйлыгы Кыргыз Эл артисти, атактуу кинооператор Манасбек Мусаев менен Тажикстандын Эл артисти, режиссер, кинооператор Давлат Худоназаровго берилерин билдирген.

Жыл сайын берилүүчү "Ак илбирс" сыйлыгы 2012-жылы уюшулган.

Учурда сыйлык алууга ат салышып жаткандардын тизмеси белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий