• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдугу жарык көрдү

Маданият 0

Бишкек, 12.04.23. /Мээрим Болотбекова - Кабар/. Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдук жыйнактар китебинин бет ачары өттү. Китеп президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде басылып чыккан.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, бир катар коомдук ишмерлер, белгилүү маданият өкүлдөрү катышты.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө бүгүнкү иш-чара тек гана китептин бет ачары эмес, өткөнгө өтүп, келечекке өсүп келе жаткан жашоонун бет ачары экенин белгиледи.

Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган.

1928–1931-жылдары Фрунзедеги (азыркы Бишкек шаарындагы) Айыл чарба техникумунда, 1931-жылы Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтун аяктаган.

1931–1936-жылдары «Ленинчил жаш» гезитинде бөлүм башчы, 1937–1947-ж.ж. Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин башкармалыгында адабий кеңешчи, 1949–1951-ж.ж. Кыргызмамбаста редактор болгон.

Кыргыз тарыхын калыс иликтөөгө, кыргыз тилин ички сөз кампасына ылайык байытууга замандаштарын үндөгөн. Расмий бийликтерди бул жааттагы өксүктөрү үчүн тайманбастан ачык сындаган. Ошондуктан аны совет доорундагы кыргыз диссиденти катары таанышкан.

Кыргыз адабиятына жана маданиятына 70 жылга жакын ак кызмат кылган, элдик тилдин жана нарк-насилдин нускалуу билерманы Т. Сыдыкбеков 1997-жылы 19-июлда Бишкек шаарында каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий