• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин четиндеги Панорама аймагында эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Бишкектин четиндеги Панорама аймагында эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тоонун боорунда 1977-жылы туулган М.Р.И., аттуу эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат “102” кызматынан келип түшкөн.

Жерине КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин түшүрүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий