• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрага Жумабеков баштаган депутаттар КМШ ПААнын кезектеги отурумуна катышат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблея (КМШ ПАА) Кеӊешинин жыйынына жана 49-пленардык отурумуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) барды.

Парламенттик делегация эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча конференцияга да катышат. Ошондой эле укук, саясий, эл аралык кызматташтык, коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссиялардын, андан тышкары бул жааттагы мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча биргелешкен комиссиянын отурумдары өтөт.

Муну менен катар КМШ ПААнын пленардык жыйынынын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матвиенконун жана Казакстан парламентинин Сенатынын Төрайымы Дарига Назарбаеванын жолугушуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, делегация курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Нурбек Алимбеков, Максат Сабиров, Руслан Казакбаев жана Садык Шер-Нияз бар.

Пикир

Оставить комментарий