• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

И.Өмүркулов: «Экономика министрлиги ишканаларды өнүктүрүү менен эмес, аларды банкротко учуратуу менен алектенип калды»

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12-май /Кабар/. КСДП парламенттик фракциясында «Улуттук холдинг» ачык акционердик коомун түзүү боюнча Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоору каралып жатканда, депутат Осмонбек Артыкбаев мамлекеттик ишканалардын ишин жакшыртуу үчүн адегенде атайын программа иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. «Көп жылдардан бери эле андай кылыш керек, мындай кылыш керек деп келебиз, азыркыга чейин жылыш жок. Алтургай, мамлекеттик ишканалардын баасы да так аныктала элек. Ишканаларды капиталдаштырып, алардын наркын көтөрүү керек», - дейт эл өкүлү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Анвар Артыков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаковдун «Мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин адистиги төмөн, ошондон улам натыйжалуу иштей албай жатат» деген сөзүн эске салып, ошондой начар жетекчилерди Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өзү дайындап жатканын айтты. «Начар жетекчилер жеп-ичип, бүт мүлкүн чачып жатса, каяктан киреше алып келмек эле», - дейт ал.

Ал эми фракция башчысы Иса Өмүркулов мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо чаралары жакында эле башталганын, ага чейин мамлекетке караштуу ишканалардын мүлкү –таланып-тонолуп, карыздары гана калганын баса белгиледи. «Улуттук холдингди түзүү – жакшы идея, бирок аны Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду башкарабы же Экономика министрлиги башкарабы? Экономика министрлиги ишканаларды өнүктүрүү менен эмес, аларды банкротко учуратуу менен алектенип калды, анан каяктан өсүү болот. Минтип отурсак, кирешелүү компаниялардын баары талкаланып бүтөт. Бул маселе боюнча Экономика министрлигинин маалыматын угуш керек», - дейт депутат.

Пикир

Оставить комментарий