• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кеминде эки унаанын катышуусундагы жол кырсыгынан бир адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Чүйдүн Кемин районундагы Бектенов көчөсүндө 10-майда саат 21:53төр чамасында Mercedes Benz Sprinter менен “Ауди C4” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 63 жаштагы адам жеңил жаракат алган.

Окуя болгон жерге куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жаран тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий