• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Ошто диний-экстремисттик агымдын мүчөлөрү жашаган даректер тинтүүгө алынды

Аймак 0


Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Ош облусунда "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик агымынын активдүү мүчөлөрү жашаган 7 даректе тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 126 материал табылып, анын ичинен 95 китеп, 12 дептер, 18 журнал , 1 күндөлүк, 1 уюлдук телефон алынды.

Алынган материалдардын айрымдары Кыргызстандын аймагында тыюу салынган "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик агымына таандык. Мындан улам, аталган предметтер КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына тиешелүү экспертизага жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы боюнча "Йакын Инкар" диний - экстремисттик кыймылынын активдүү мүчөлөрүнө карата КР Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык укуктук чаралар көрүлөт.

Белгилей кетсек, жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кыймылдын мүчөлөрүнүн бири А.Ш.Д. аталган диний-экстремисттик кыймылдын радикалдык-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, мындан ары уюмга мүчө болуудан өз ыктыяры менен баш тартып, салттуу исламды карманууну убадалады.

Пикир

Оставить комментарий