• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Кыргызстандын алкоголдук ичимдиктери Өзбекстандын рыногуна чыгат

Экономика 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү "KREDO BEST MChJ" компаниясынын жетекчиси менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандан жогорку сапаттагы алкоголдук ичимдиктердин кеңири ассортиментин Өзбекстанга экспорттоо боюнча алдын ала келишимге кол коюлду.

Ошентип, Кыргызстанда өндүрүлгөн шарап, коньяк, арак жана башка суусундуктар уникалдуу даам профилдери менен Өзбекстанга экспорттоло баштайт.

"Биз "KREDO BEST MChJ" компаниясы менен кызматташууну баштоого жана кыргыз алкоголдук продукциясын өзбек керектөөчүлөрүнө сунуштоого кубанычтабыз", - деп белгиледи Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков.

Белгиленгендей, бул макулдашуу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам жана Кыргыз өндүрүүчүлөрү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Пикир

Оставить комментарий