• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Токтогул суу сактагычынын акваториясында осетр балыктарынын кластери түзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 13.05.24. / Кабар/. Токтогул суу сактагычынын акваториясында осетр балыктарынын кластери түзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунан билдиришти.

Бүгүн, 13-майда Токтогул суу сактагычында осетр балык кластерин түзүү боюнча Токтогул шаардык мэриясы, Балык чарба департаменти жана “Азия Продукт” ЖЧКсынын ортосунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк макулдашуусуна кол коюлду.

Белгиленгендей, долбоорду ишке ашыруу үчүн 82 млн сомдук инвестиция тартуу пландалууда. Макулдашуунун мөөнөтү 25 жылды түзөт.

"Долбоор балык запастарын сактоонун, көбөйтүүнүн жана сарамжалдуу пайдалануунун негизинде балык чарба комплексинин туруктуу иштешине жетишүүгө, өлкөнүн ички сууларында аквакультураны өнүктүрүүгө жана балык азыктарына болгон ички керектөөнү канааттандырууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору жумуш орундарын түзүү жана өлкөнүн экономикалык жана социалдык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ишин улантары кошумчаланды.

Пикир

Оставить комментарий