• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн сырттары боёлуп, кооздоло баштады – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 17.04.19. /Кабар/. Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн жана мекеме-ишканалардын сырткы дубалдары ар кандай түстөргө боёлуп, кооздоло баштады.

Бул боюнча шаар мэри Таалайбек Сарыбашов демилге көтөрүп, иштин жүрүшү боюнча тиешелүүлөргө тапшырма берген, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

"Бүгүнкү күндө борбордук Ленин, Курманжан датка, Масалиев көчөлөрүндөгү ондон ашуун көп кабаттуу үйдүн, жыйырмадан ашуун мекемелердин сырты боёлгон.
Мэр көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын оңдоо боюнча өткөн жылы иш баштаган. Кулатов кичи районундагы эки көп кабаттуу үйдүн сырты боёлуп, балдар аянтчасы, жол курулган", - деп айтылат маалыматта.

Оңдоо иштерине жашоочулар да салымын кошкон.

Пикир

Оставить комментарий