• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ош шаарынын мэри “Керме-Тоо” МАБдын жашоочулары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 28.01.23./Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө МАБ башчысы Жылдызбек Сактанов 2022-жылы аткарылган иштерге токтолду.

Иш-чаранын алкагында жарандар орун алган көйгөйлөр боюнча суроолорун беришти. Шаардын четиндеги кичи райондордун инфраструктурасын жакшыртуу, мыйзамсыз курулган объектилерге каршы күрөшүү, ички жолдорду оңдоо, суу жана жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу маселелери көтөрүлдү.

Мындан тышкары, аталган МАБга жаңы поликлиника куруу, башаламан токтоп турган такси каттамдарынын ишин жөнгө салуу, Абдыкадыров көчөсүнө үн коштоочу жол чырактарды орнотуу, балдар аянтчаларын куруу боюнча кайрылуулар түштү.

Бардык маселелер боюнча жеринде тиешелүү кызматтардын жетекчилерине тапшырмалар берилип, бир катар маселелерди быйылкы жылдын бюджетинин долбооруна киргизүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий