• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Өзбекстандын транспорт министрлери кызматташууну талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 28.01.23./Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын транспорт министрлери Тилек Текебаев жана Илхом Махкамов жолукту.

Ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 27-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө жол-транспорттук тармагын эки тараптуу өнүктүрүү боюнча жемиштүү диалог болду.

Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жолунун курулушу тууралуу сүйлөшүп, темир жолдун курулушу артыкчылыктуу долбоорлордун бири экенин баса белгилешти.

"Бул жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк тармагы болуп, Түштүк-Чыгыш жана Батыш Азия менен Жакынкы Чыгыштын базарларына жол ачат", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки мамлекеттин жол-транспорт жана темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташууну улантууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий