• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Мамветинспекциясы эт азыктарына киргизилген чектөөгө байланыштуу Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат

Коом 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы 5 кыргызстандык компания үчүн эт азыктарын алып кирүүгө киргизилген убактылуу чектөөгө байланыштуу Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, казак тарап түшүнүксүз себептерден улам чектөө киргизди.

“Биз тоок этине чектөөнү Алматы облусундагы куш тумоосу боюнча маалыматтардын чыгышынан улам киргизгенбиз. Көп өтпөй казакстандык кесиптештерибизден абал жакшы экенин, жуктуруу коркунучу жок экендиги тууралуу кат алдык. Бул каттын негизинде чектөөлөр алынды”, - деди Жумаканов.

Ведомствонун башчысы чындыгында мындай окуялар көп болорун белгилеп өттү.

“Биз оору жуктуруу коркунучу болгондо Казакстанга эле эмес, Кытай жана башка өлкөлөргө дагы чектөө киргизип турабыз. Жакында биз Россиянын 5 облусу үчүн чектөө киргиздик, бул нормалдуу көрүнүш”, - деп түшүндүрдү ал.

Жумаканов бүгүнкү күнгө карата бул абалдан жабыркагандар жок экендигин кошумчалады.

Эске салсак, Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө 8-октябрда киргизилген. Мындай чечим Алматы жана Түндүк казакстандык облустардагы куш тумоосу боюнча маалыматтарга байланыштуу кабыл алынган.

Казакстандын Айыл чарба министрлиги бул чектөөнү "мыйзамсыз" деп баалап, 12-октябрда Кыргызстандан эт азыктарын ташып кирүүгө убактылуу чектөө киргизген. Казак тарап бул чечим Кыргызстандын аймагындагы жаныбарлардын өзгөчө кооптуу оорулары боюнча жагымсыз кырдаалга байланыштуу кабыл алынгандыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий