• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарындагы Ломоносов мектебинин кошумча имараты бир айдын ичинде бүтөт

Аймак 0

Бишкек, 21.08.21. /Кабар/. Кечээ, 20-август күнү Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов шаардагы №3 Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясына кошумча салынып жаткан 500 орундуу имартаттын курулушуна барып, аткарылган иштерди жеринен көрүп кайтты. Бул тууралуу мэриянын басма сз кызматы билдирет.

Аталган курулуштун тендерин “Бекстрой плюс” компаниясы утуп алган, 2016-жылдын 4-кварталында курулуш башталган.

Ош шаарынын мэринин м.а. Мамбетов аталган компаниянын жетекчилиги менен жолугуп толук кандуу иш жүрбөй, курулуш токтоп калгандыгына байланыштуу 15-сентябрга окуучуларды кабыл алуу үчүн курулуш иштерин бүтүрүү талабын коюп, мөөнөт берди. Ал эми айланасын жашылдандыруу, ирээтке келтирүү боюнча октябрга чейин бүтүрүү тапшырмасын да айтты.

Белгилей кетсек, аталган мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланат.

Пикир

Оставить комментарий