• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун башчысы БУУнун туруктуу координатору менен кызматташтык талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда тараптар Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерин жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулашып, аймактагы актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүдө кызматташууну жана биргелешкен аракеттерди тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Талкуунун негизги аспектилеринин бири Ош облусунун социалдык-экономикалык маселелери, анын ичинде калкты иш менен камсыз кылуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана инфраструктуралык өнүктүрүү маселелери болду.

БУУнун туруктуу координатору туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн көрүлүп жаткан күч-аракеттерди, анын компетенциясынын чегинде зарыл колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Эки тарап тең көйгөйлөрдү чечүүдө өз ара аракеттенүүнүн жана өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгилешти жана биргелешип келечектеги кызматташтыктын жемиштүү мүнөзүнө ишеним билдиришти.

Жолугушуунун соңунда өнүгүүнүн жалпы максаттарына жетүү үчүн диалогду жана тажрыйба алмашууну улантуу ниети айтылды.

Пикир

Оставить комментарий