• 88.68
  • 95
  • 0.95

Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили кызматтан кетти

Дүйнө 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. 29-январда Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили кызматтан кеткенин жарыялады. Ал Тблисиде сүйлөгөн үч мүнөттүк сөзүндө өкмөттү жетектөөгө "башкаларга" да мүмкүндүк берүү зарыл экенин айтты.

Гарибашвили кызматтан кеткенден кийин бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын лидери бойдон кала берет. Ал быйыл күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодо жеңишке жетүү үчүн даярдыкты баштоого мезгил келгенин белгиледи.

Азырынча өлкөнүн жаңы премьер-министри ким болору айтыла элек.

Ираклий Гарибашвили Грузиянын премьер-министри болуп 2021-жылдын декабрында дайындалган. Бул кызматты ал ага чейин 2013–2015-жылдары да ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий