• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

АКШ Кытай тарабынан интеллектуалдык менчиктин уурдалышын иликтейт

Дүйнө 0

БИШКЕК, 15.08.17. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп америкалык интеллектуалдык менчикти уурдоого жардам берген кытай бийлигинин аракетин иликтөөгө жол ачкан жарлыкка кол койду.

Эл аралык соода маселеси боюнча өкүл Роберт Лайтхайзер өз товарларын сатууну каалаган америкалык фирмаларды Кытайда биргелешкен ишкана ачууга жана кытайлык өнөктөштөрүнө технология сырлары менен бөлүшүүгө мажбурлаган Кытай бийлигинин аракетинин мыйзамдуулугун иликтейт.

Мындай кырдаалга "Женерал Моторс" менен "Майкрософт" сыяктуу ири компаниялар туш болушту. Бээжин жаңы кабыл алган мыйзамга ылайык, америкалык фирмалар кытайлык өнөктөштөрүнө колдонуучулардын жеке маалыматтарын жана технологиялык сырларды алууга жол ачкан программалык коддорду берүүгө мажбур.

“Башка мамлекеттер тарабынан интеллектуалдык менчиктин уурдалышы – жыл сайын миллиондогон жумуш орундардын жана миллиарддаган долларлардын жоголушуна алып келет. Вашингтон эч кандай чара көрбөгөндүктөн, биздин өлкө өтө узак убакыт бул байлыктан кол жууп келген. Вашингтон мындан ары буга көзүн жумбайт”,-деди Дональд Трамп.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий