• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19га каршы балдарды жана өспүрүмдөрдү эмдөөгө байланыштуу ДССУнун убактылуу билдирүүсү

Дүйнө 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. COVID-19га каршы эмдөө боюнча Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) глобалдык стратегиясы өзгөрүүсүз калууда: 2021-жылдын аягына чейин бардык өлкөлөрдүн калкынын кеминде 40% жана 2022-жылдын ортосуна чейин кеминде 70% эмдөө. Бүгүнкү күндө бул максаттар жетишиле элек.

COVID-19га каршы вакциналардын көпчүлүгү 18 жаштан жогорку адамдарга гана колдонууга уруксат берилгени менен, азыр көптөгөн вакциналар балдарга да колдонууга уруксат алуу жол-жобосунан өтүшүүдө. Кээ бир өлкөлөр өзгөчө кырдаалдарда вакциналарга уруксат беришкен.

Мисалы, айрым өлкөлөрдө Pfizer компаниясы тарабынан өндүрүлгөн BNT162b2 вакцинасы менен 5 жаштан 17 жашка чейинки балдарды эмдөөгө уруксат берилди.

Moderna компаниясы чыгарган вакцинага 12ден 17 жашка чейинки балдар үчүн колдонууга уруксат бар.

Кытай 3төн 17 жашка чейинки курактагы балдарды Sinovac-CoronaVac жана BBIBP-CorV вакциналары менен эмдөөгө уруксат берген (3 жаштагы балдарга клиникалык изилдөөлөр аяктаган).

Индияда Bharat компаниясынын Covaxin вакцинасын жана ZycovD вакцинасын 12-17 жаштагылар үчүн колдонулууда.

Бирок бул вакциналар өзгөчө кырдаалдарда чоңдорго колдонулуучу дарылардын тизмесине киргизилгенине карабастан, өзгөчө кырдаалдарда балдар үчүн колдонууга ДССУнун уруксаты алына элек.

COVID-19га каршы бир нече вакцина кыйла жаш курактагыларда сыноодон өтүп жатат (анын ичинде 6 айлык ымыркайда дагы), бирок бул изилдөөлөрдүн жыйынтыктары али жарыялана элек.

Балдарды жана өспүрүмдөрдү эмдөөнүн пайдасы түздөн-түз ден соолук үчүн гана эмес. Бул куракта COVID-19ду пайда кылган вирустун жугушун азайткан эмдөөлөр балдардан жана өспүрүмдөрдөн чоңдорго жугууну азайтып, мектептерде чектөө чараларынын зарылдыгын азайтышы мүмкүн. Балдар үчүн окуу процессинин үзгүлтүккө учурашын азайтуу жана алардын бакубаттуулугун, ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуу – орчундуу маселелер болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий