• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Путин Си Цзиньпинге Россия Украина менен сүйлөшүүгө даяр экенин айтты

Дүйнө 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Россия Украина менен жогорку деңгээлде сүйлөшүүгө даяр экенин орус президенти Владимир Путин бүгүн, 25-февралда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айтканын РИА Новости жазды.

Кытай Тышкы иштер министрлиги Путиндин "Россия Украина менен жогорку деңгээлде сүйлөшүүгө даяр" деген сөзүн келтирген.

Россия президенти Владимир Путин мурдараак Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын аскердик операция өткөрүү чечимине келгенин билдирген. Россиялыктарга телекайрылуусунда ал "кырдаал бизден чечкиндүү жана токтоосуз чара көрүүнү талап кылып жатат, Донбасс элдик республикалары Россияга жардам сурап кайрылышты" деп айткан. Россия Федерациясынын президенти кан төгүү үчүн бардык жоопкерчилик Украинадагы башкаруучу режимдин абийиринде болорун айтып, украин аскерлерин украин бийлигинин кылмыштуу буйруктарын аткарбоого, куралын таштап, үйлөрүнө барууга чакырды.


 

Пикир

Оставить комментарий