• 88.68
  • 95
  • 0.95

ДССУнун эксперттери Ухандагы базарга жана коронавируска байланыштуу “маанилүү далилдерди” чогултту

Дүйнө 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттер тобу коронавирустун пайда болушунун себебин иликтөө максатында Кытайдын Ухань шаарындагы деңиз жандыктарын саткан базарга барып, маанилүү маалыматтарды алды. Бул тууралуу Bloomberg агенттигинин журналисттерине топтун мүчөлөрүнүн бири – EcoHealth Alliance өкмөттүк эмес экологиялык уюмдун жетекчиси, британиялык зоолог Питер Дасзак билдирди.

Ал аталган базар инфекцияны жайылтууда кандай роль ойногону тууралуу “маанилүү далилдер” чогултулду деп билдирди. Кытайда жүргөн Дасзактын айтымында, маалымат 10-февралга чейин жарыяланат. Зоолог топтун мүчөлөрү кытай адистери менен жолугушуп, бир катар изилдөө борборлорунда жана башка жерлерде болушту деп билдирди. Ал кошумчалагандай, “окуяга байланыштуу айрым чыныгы далилдер” алынган.

“Азыркы учурда топтун мүчөлөрү алынган маалыматтарды салыштырып жатышат. Биз барын бир жерге жыйнап, бул эмнени күбөлөндүрөрүн түшүнгүбүз келип жатат. Сөз болуп жаткан базар мурдагысындай эле турат, элдер ал жерди шашылыш эле таштап кетишкен. Эксперттер базарда калып калган нерселерди изилдеп чыгышты”, - деп билдирди ал.

Адис “бул болгон окуяны терең түшүнүүнүн башталышы гана болот” деген ишенимин билдирди.

Коронавирус 2019-жылдын аягында Ухань шаарында пайда болгон. Андан бери илдет дүйнөдө 100 миңден көп адамдын өмүрүн алды. Учурда анын ар кандай мутацияланган түрлөрү жайылып жатат. Илимпоздор азыркы кезде эң кооптуусу түштүк африкалык штамм экенин айтышууда. Анткени ал жугуштуу экени жана учурдагы вакциналарга да туруштук бере алары кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий