• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Суу районунун эли президенттин ысырапкерчиликке каршы жарлыгын колдошту

Аймак 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Ош облусунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан үй бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча түшүндүрүү иш-чаралары ѳткѳрүлүүдѳ. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-мартта Кара-Суу райондук ички иштер бѳлүмүнүн кызматкерлери Кашкар-Кыштак айыл аймагында КР президентинин 2022-жылдын 24-февралында кол койгон «КРда үй бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жѳнүндѳ» жарлыгынын талаптарын турмушка ашыруу максатында Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы Кенжекул айылынын жашоочуларынын катышуусунда жыйын ѳткѳрүлдү. Жыйынга айыл башчылар, айылдын жашоочулары жана дин кызматкерлеринин ѳкүлдѳрү катышты.

Жыйында Адыл Султанов атындагы Кара-Суу райондук ички иштер бѳлүмүнун начальниги Арабидин Акунбеков, Уран Алиев атындагы Нариманов айылдык милиция бѳлүмчѳсүнүн начальниги Муратбек Ормонов жетекетеген ѳздүк курам эл арасында ар кандай үй бүлѳлүк салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын ѳткѳрүүдѳ ашыкча ысырапкерчиликтен улам, куру намыс менен атаандашуу пайда болуп, айрым жарандар карызга батып, андай абалдан чыга албай ѳз жанын кыйган жана башка терс жолдорго барган учурлар кездешип жаткандыгы боюнча маалымат берилип жарлыктын негизги максаты ысрапкерчиликке жол бербей жарандарыбыздын социалдык-экономикалык абалын оңдоо жана оор таасирин тийгизүүчү жагдайларды жоюу максатында кѳрүлгѳн чара экендиги боюнча түшүндүрмѳ беришти.

Мындагы жашоочулардын жогоруда аталган жарлыкка карата ойлорун жана сунуштарын угушту. Кенжекул айылынын жашоочулары маркумду акыркы сапарга узатууда жана эскерүүдѳ коротулган ашыкча чыгымдарды токтотууну колдой тургандыктарын билдиришип, уул үйлѳп, кыз чыгарууда жана башка салтанаттуу тойлордогу чыгымдар боюнча да жергиликтүү элдер макулдашып, чыгымдардын суммасына чек коюп бир суммага токтолуп бир чечимге келип, бул багытта да тартипке салуну, чыгымдарды азайтууну сунушташты. Алар жарлыктын чыгышы замандын талабы экендигин белгилешти.

Мындай жыйындар Ош облусунун башка райондорунда да ѳткѳрүлүүдѳ.

Пикир

Оставить комментарий