• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Чүй облустук милициясында мамлекеттик туу күнү салтанаттуу белгиленди

Коом 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 3-мартта Чүй облустук ИИББнын борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин күнү салтанаттуу белгиленди. Бул ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Чүй ОИИББнын башчысы Сапарбек Асаналиев жана орун басарлары, ошондой эле өздүк курамдын кызматкерлери катышты. Алгач Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу көтөрүлүп, гимни ойнолду.

Сапарбек Асаналиев бүгүнкү иш-чаранын тарыхына токтолду. "Үстүбүздөгү жылы мамлекттик туунун кабыл алынганына 30 жыл толуп отурат. КР мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Советтин токтому менен бекитилген. Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк — үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу;", - деди ал.

Чүй облусунун ИИББде ар бир жумуш аптанын башында жана даталуу майрамдарда мамлекеттин туусу көтөрүлүп, өлкө гимнин аткаруу салтка айланып келет.

Мындай иш-чаралар Кыргыз Республиксынын символдоруна аяр мамиле жасоо ошондой эле кызматкерлерди өз эли-жерин сүйүүгө жана мекен үчүн ак кызмат кылууга тарбиялап келет.

Мамлекеттик туу күнүнө карата иш-чаралар Чүй облусунун бардык ички иштер органдарынын бөлүмдөрүндө салтанаттуу белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий