• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айыл чарба министрлиги дан жана чанактуу өсүмдүктөрдүн эгин аянтын көбөйтүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги кант кызылчасынын аянтын кыскартууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, министрлик анын ордуна бардык дан жана чанактуу өсүмдүктөрдүн эгин аянтын көбөйтүүнү пландаган.

"Анткени, азыркы учурда көп рентабелдүү болгон айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү менен бирге заман талабына ылайык министрликте азык-түлүк коопсуздугун кароонун алкагында кылкандуу эгиндердин аянтын көбөйтүүнү максат кылганбыз", - деп билдирди ал.

Керималиев кошумчалагандай, учурда кант кызылчасын себүү жакшы ылдамдыкта жүрүп жатат.

"Азыртадан эле 3,44 миң гектарга же 24,5% себилген. Чүй облусунда 3,4 миң гектар жер айдалды, ал эми Талас облусунда айдоо иштери башталды. Өткөн жылы бул убакта айдоо иштери башталган эмес”, - деп билдирди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий