• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көл облусуна коронавируска каршы күрөшүүдө финансылык жардам көрсөтүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы коронавирус инфекциясын алдын алуу жана жайылышын көзөмөлдөө иштерине Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жана “Кумтөр Голд Компани” ишканасы тарабынан финансылык жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ыкчам штабынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан облустун район, шаарларына жалпы 12 млн сом акча каражаты каралды. Ал эми “Кумтөр Голд Компани” ишканасы тарабынан жалпы 100 миң доллар бөлүндү.

"Аталган каражаттар облустагы саламаттык сактоо мекемелерине керектүү жабдыктарды, дары-дармектерди, жеке коргонуучу каражаттарды жана биринчи тартиптеги керектелүүчү медициналык буюмдарды сатып алууга жумшалууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий