• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдү таштандылардан тазалоо кайрадан башталды

Аймак 0


Бишкек, 27.03.24. /Кабар/. 26-марттан тарта суучулдар Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо ишин башташты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары бир күндө Ысык-Көлдүн Түп булуңунан 4100 метр балык уулоочу тор чыгарышты.

Суу астынан чыгарылган торлордун көбү жаңы экендигин көрүүгө болот. Бул мыйзамдын негизинде тыюу салынганына карабастан браконьерлик дагы да болсо уланып жатканын айгинелейт.

Өткөн жылы суучулдар жалпы аянты 430 086,12 гектарды түзгөн суу астынан 22 545 кг таштанды, 218 100 метр балык уулоочу торду алып чыгышкан.

Эске салсак, 2023-жылдын 12-мартынан бери президенттин жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши масштабдуу түрдө башталган.

Пикир

Оставить комментарий