• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусунун эки тургуну диний-экстремисттик көз караштан баш тартты

Аймак 0


Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Чүй облусунун С.Н.С. жана Д.Д.К. аттуу тургундары диний-экстремисттик көз караштан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, С.Н.С. 2018-жылы жана Д.Д.К. 2021-жылы “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун катарына тартылып, тыюу салынган экстремисттик уюмдардын идеологиясын пропагандалоо жана жайылтуу менен алектенип келишкен.

УКМК жарандарды сак болууга жана Кыргызстандын аймагында мыйзам тарабынан тыюу салынган ар кандай салттуу эмес диний агымдардын таасирине алданбоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий