• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте математика, физика жана информатика мугалимдери үчүн окуу семинары өттү

Коом 0

Бишкек, 27.03.24. /Кабар/. Бишкекте шаардын билим берүү уюмдарынын математика, физика жана информатика мугалимдерине окуу семинары өткөрүлдү.

Мэриядан билдиришкендей, семинар мугалимдерге усулдук жана практикалык жардам көрсөтүү максатында Бишкек мэриясынын билим берүү департаменти тарабынан уюштурулган.

Семинардын жүрүшүндө “PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө даярдыктын жүрүшү” деген темада презентация жасалып, мастер-класстар өткөрүлдү.

Семинарга физика, математика жана информатика боюнча 220 мугалим катышты.

Пикир

Оставить комментарий