• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Транспорт министри Оштогу битум төгүлгөн жайга барды

Аймак 0


Бишкек, 27.03.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында битум төгүлгөн жайга (битумная яма) барып, тиешелүү жетекчилердин маалыматын укту.

Министрликтен билдиришкендей, азыркы тапта бул жерге болжол менен 1700 тонна битум батат.

Тилек Текебаев жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоодо жана салууда негизги курулуш материалы болгон битумду сезон маалында ашыгы менен алып келип, курулуш иштерин үзгүлтүккө учуратпоо максатында жаңы битум жайларын куруу керектигин белгиледи.

Эске салсак, битум былтыртан тарта өлкөгө ортомчусуз, ыңгайлуу баада, түз алынып келүүдө.

Белгилей кетсек, битум асфальт-бетон аралашмасын жасоодо жана жолдорго асфальт-бетон катмарын төшөөдө колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий